Загрузка документа…
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №2
Арстанбап-Ата айыл аймагындагы социалдык обьектилердин кышка даярдыгы жөнүндө
Арстанбап-Ата айыл аймагындагы социалдык обьектилердин кышка даярдыгы жөнүндө Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы З.Укубаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептердеги, бала бакчалардагы айрым кемчилдиктерди жоюу, мектептерге жана бала бакчаларга бѳлүнгѳн отун-кѳмүрлѳрдү учурунда камсыз кылуу, максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө, электрэнергиясынан бѳлүнгѳн лимиттерди сактоо жана талапка ылайык иш алып баруу мектеп директорлоруна жана бала бакча башчыларына милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу И.Чолпановго жүктөлсүн.
3. -Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айыл айылдык кеңешинин социалдык маселелер, билим жана маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар менен иш жүргүзүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|