Загрузка документа…
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №4
Арстанбап-Ата токой чарбасынын аймагына экологиялык пост коюу жөнүндө
Мыйзамсыз токой кыюунун, мыйзамсыз аңчылыктын, токой өрттөрүнүн алдын алуу, тазалыкты сактоо менен катар токой чарбанын туристтик-рекреациялык потенциалынын негизинде киреше булактарын көбөйтүү үчүн электрондук акы алуучу шлагбаум коюу боюнча Арстанбап-Ата токой чарбасынын башкы токойчусу И.Тургунбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамсыз токой кыюунун, мыйзамсыз аңчылыктын, токой өрттөрүнүн алдын алуу, тазалыкты сактоо жана Арстанбап-Ата токой чарбасынын киреше булактарын көбөйтүү максатында Арстанбап-Ата токой чарбасынын “Чоң Шаркыратмага” кеткен жолго электрондук акы төлөнүүчү шлагбаум (экологиялык пост) орнотууга уруксат берилсин.
2. Жергиликтүү калктын нааразычылыгын болтурбоо багытында иш алып баруу Арстанбап-Ата токой чарбасынын директору С.М.Мамажановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери, токой чарба, айыл чарба жана экология, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|