Загрузка документа…
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №6
“Арстанбап-Ата айыл аймагындагы Базар-Коргон-Кызыл-Ункур авто жолунун 4-14-км, 16-17-км аралыгын кеңейтүү жөнүндө.”
Кызыл-Ункур айылынын тургундарынын арыз-даттанууларынын негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин жер маселелери, токой чарба, айыл чарба жана экология, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ункур токой чарбасы жана Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчилигине Базар-Коргон-Кызыл-Ункур авто жолу ДЭПтин эсебинде экендиги жана ал жол 3-категориядагы жол болуп, анын кеңдиги 28 метр болуга тийиш экендигин эскертилсин.
2. Арстанбап-Ата айыл аймагындагы Базар-Коргон-Кызыл-Ункур авто жолу 3-категориядагы жол болуп, анын кеңдиги 28 метр болуга тийиш экендигин эске алып, жолдун 4-14-км, 16-17-км аралыгы кеңейтилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери, токой чарба, айыл чарба жана экология, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|