Загрузка документа…
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №7
Арстанбап-Ата айыл аймагындагы жер тилкелеринин багытын өзгөртүү жөнүндө.
Арстанбап-Ата айыл аймагынын тургундарынын арыз-кайрылууларынын негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин жер маселелери, токой чарба, айыл чарба жана экология, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын тургундарынын ээлеп турган жер тилкелеринин багытын өзгөтүп берүү тууралуу арыз-кайрылуулары канаттандырылсын.
2. Арстанбап-Ата айыл аймагынын тургундарынын ээлеп турган жер тилкелеринин багыты тиркемеге ылайык өзгөтүүгө уруксат берилсин.
3. Белгиленген жер тилкелеринин багытын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери, токой чарба, айыл чарба жана экология, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|