Загрузка документа…
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №8
Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чарбак айылындагы №30 “Достук” бала бакчасынын 3 сааттык тайпасын 10 саатыкка өткөрүү жөнүндө.
Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чарбак айылындагы №30 “Достук” бала бакчасынын 3 сааттык тайпасын 10 сааттыкка өткөрүү боюнча бала бакчасынын эмгек жамаатынын жана ата-энелердин биргелешкен жыйналышынын 2025-жылдын 5-августундагы №4-токтому менен таанышып жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чарбак айылындагы №30 “Достук” бала бакчасынын 3 сааттык тайпасын 10 сааттыкка өткөрүү боюнча бала бакчасынын эмгек жамаатынын жана ата-энелердин биргелешкен жыйналышынын 2025-жылдын 5-августундагы №4-токтому бекитилсин.
2. Чарбак айылында мектеп жашына чейинки балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу, Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чарбак айылындагы №30“Достук” бала бакчасынын 3 сааттык тайпасын 10 саатыкка өткөрүүгө уруксат берилсин.
3. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чарбак айылындагы №30 “Достук” бала бакчасынын 3 сааттык тайпасын 10 сааттык тайпа ачууга тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана штат бирдигин чечүү жагы бала бакчанын башчысы Д.Жумабаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|