Загрузка документа…
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №9
Арстанбап-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамаат мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында, айыл өкмөту жергиликтүү демилгелерди тандоо жана аларды ишке ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө бекитилген Жобонун алкагында сынак өткөргөн.Сынактын жыйынтыгында “Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу” долбоору жеңүүчү деп табылып, Өнүктүрүү саясат институтунан дем берүү иретинде 67200 (алтымыш жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө кошумча каржылоого ээ болгондугуна байланыштуу демилгелүү топтун маалыматын угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнүктүрүү саясаты институту менен гранттык макулдашууну түзүүнүн жана гранттык долбоорду ишке ашыруу максатында биргелешип каржылоо (дем берүүчү) катары берилген гранттын суммасы 67200 (алтымыш жети миң эки жүз) сом Арстанбап-Ата айыл аймагынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине киреше бөлүгү 67200 (алтымыш жети миң эки жүз) сомго, чыгаша бөлүгү 67200 (алтымыш жети миң эки жүз) сомго өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун негизинде Арстанбап-Ата айыл аймагынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл өкмөтүнүн СЭӨБнүн башчысы З.Укубаевага жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|