Редакцияот 14.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

  АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

                                                                                    

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын

 Токтому

                                                                        

2025-жылдын 14-августу  №11

 

Калктуу конуштун ичинде жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндө.

 

Арстанбап-Ата айыл аймагынын калктуу конуштарынын ичинде жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндөгү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Бурхановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

    1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чарбак айылынын Улаачы участкасында жайгашкан калктуу конуштун ичиндеги 0,10 га жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин.

2. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилген жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү жагы жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон филиалынан суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу И.Чолпановго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.

 

Төрага

 

                                      Ж.Абдухалилов