Редакцияот 14.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

  АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

                                                                                    

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын

 Токтому

                                                                        

2025-жылдын 14-августу  №12

 

Арстанбап айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратынын ээлеген жер аянтынын 70,0 кв.м. жер аянтынын пайдалануу багытын ѳзгѳртүү жѳнүндѳ.

 

Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратынын ээлеген жер аянтынын 70,0 кв.м. жер аянтынын пайдалануу багытын ѳзгѳртүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу И.Чолпановдун кайрылуусунун негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратынын ээлеген жер аянтынын 70,0 кв.м. жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп, коммерциялык багытта пайдаланууга уруксат берилсин.

2. Айыл өкмөтү тарабынан буздурулган “Айыл-Банк”, акча алмаштыруу пункту, “Скай-Мобайл” мекемелерине айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде түзмө-түз пайдаланууга жана ижарага берип, келишим түзүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери, токой чарба, айыл чарба жана экология, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

                                      Ж.Абдухалилов