АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №13
“Арстанбап-Ата айыл аймагында суу коргоо зонасын аныктоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринитн полосалары жөнүндө” жобонун 23-пунктуна ылайык,калктуу конуштун аймагында суу коргоо тилкелерин аныктоо максатында Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринин полосалары жөнүндө” жобонун 23-пунктуна ылайык, калктуу конуштун аймагында суу коргоо тилкелери төмөндөгүдөй аныкталсын жана бекитилсин:
1) Кызыл-Ункур айылынын ичи менен агып өткөн сайдын суу коргоо зонасы- 15 метр;
2) Кызыл-Ункур айылынан агып чыккан сай менен Жаз-Кечүү айылынан агып келген сайдын кошулган жеринен баштап Арстанбап сайы кошулган жерине чейин суу коргоо зонасы -25 метр;
3) Арстанбап айылынын ичи менен кеткен кичинекей сайлардын суу коргоо зонасы – 5 метр;
4) Чакан сайлар бириккенден кийинки Арстанбап сайынын суу коргоо зонасы- 25 метр;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында суу коргоо зонасы жана суу объектилеринин полосалары жөнүндө” жобонун 17-пунктуна ылайык, калктуу конуштун аймагында Кара-Ункур сайынын суу коргоо зонасы 100 метр болуп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу И.Чолпановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|