Загрузка документа…
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №15
Арстанбап-Ата айыл аймагындагы №19 Арстанбап орто мектебинин наамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун протоколдук тапшырмасынын жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 23-майындагы №10-05/875 катынын негизинде мектептин педагогикалык жамаатынын жана ата-энелердин биргелешкен жыйынынын протоколунун негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагындагы “Арстанбап атындагы №19 жалпы билим берүүчү орто мектеби” мекемесинин аты “Арстанбап-Ата” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби” мекемеси” болуп өзгөртүлсүн.
2. Мектепке наам берүү боюнча тиешелүү жумуштарды аткаруу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу И.Чолпановго жана мектеп директору С.Мирзакаримовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|