Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
ТОКТОМ №1
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
25.03.2026-жыл
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн алдындагы “Сайдыкум Айыл чарба” муниципалдык
ишканасын жоюу жана айыл чарба техникаларын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө”токтомун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу максатында, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн алдында түзулгөн “Сайдыкум Айыл чарба” муниципалдык ишканасын жоюу максатында, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Сайдыкум Айыл чарба”
муниципалдык ишканасы жоюлсун.
2. “Сайдыкум Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын балансында турган айыл
чарба техникалары, жабдуулары жана башка мүлктөрү белгиленген тартипте “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
Сайдыкум айыл өкмөтүнө:
- жоюу комиссиясын түзүү;
- муниципалдык ишкананы жоюу иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жүргүзүү;
- мүлктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын түзүү жана каттоодон өткөрүү;
-кызматкерлерге тиешелүү мыйзамдык тартипте чараларды көрүү милдеттендирилсин.
2. “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилген
техникаларды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн
башчысы К.Д.Матисаковго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаны Сайдыкум айылдык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, тарнспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясы.
Төрага Б.А.Анарбаев