Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
ТОКТОМ №2
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
25.03.2026-жыл
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 100 метр аралыкка шпора куруу долбоорун, Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 100 метр аралыкка шпора куруу долбоорун, Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы К.Д.Матисаковдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 100 метр аралыкка шпора куруу долбоору даярдалган сметалык документтеринин негизинде тийиштүү документтери даярдалсын.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 100 метр аралыкка шпора куруу долбоору, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 100 метр аралыкка шпора куруу долбооруна даярдалган долбоордук сметасында көрсөтүлгөн 619 892 (алты жүз он тогуз миң сегиз жүз токсон эки) сом, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 119 892 (бир жүз он тогуз миң сегиз жүз токсон эки) сом төлөп берилсин, калган 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонд эсебинен 2026-жылдагы фонддор эсебинен ишке ашыруу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын.
4. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 100 метр аралыкка шпора куруу долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилген 119 892 (бир жүз он тогуз миң сегиз жүз токсон эки) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сайдыкум айыл өкмөт башчысы К.Д.Матисаковго тапшырылсын.
6. Токтомун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Б.А. Анарбае