Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
ТОКТОМ №3
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
25.03.2026-жыл
Аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратын куруу үчүн жер тилкесин ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 50-беренесинин 4,5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 17, 38-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга негиз, ошондой эле Базар Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 13-августундагы №Исх25/142-1-25 12/4-03161 сандуу катынын негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д.Матисаковдун сунушун карап чыгып, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагынын аймагынан аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы заманбап имаратын куруу үчүн жер категориясына жана түрүнө ылайык келген 0,10 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Жердин түрүнө жана категориясына туура келген жер тилкесин аныктоо жана ажыратып берүү Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ажыратылып берилген жер тилкеси боюнча тиешелүү иш кагаздарын (жерге жайгаштыруу документтери, актылар жана башка) даярдоо Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д.Матисаковго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.А.Анарбаев