Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
ТОКТОМ №4
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
25.03.2026-жыл
Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасына филиал куруу үчүн жер тилкесин ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 50-беренесинин 4,5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 17 жана 38-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, ошондой эле Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д. Матисаковдун сунушун карап чыгып, Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагынын аймагынан Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасына Сайдыкум айыл аймагын тейлөөнү жакшыртуу жана авариялык учурларда ыкчам аракет көрүү максатында участоктук бригада үчүн имарат курууга жер категориясына жана түрүнө ылайык келген жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Жердин түрүнө жана категориясына туура келген жер тилкесин аныктоо жана ажыратып берүү Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ажыратылып берилген жер тилкеси боюнча тиешелүү иш кагаздарын (жерге жайгаштыруу документтери, актылар жана башка) даярдоо Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д. Матисаковго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сайдыкум айылдык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк маселелери боюнча туруктуу комиссиясына
жүктөлсүн.
Төрага Б.А.Анарбаев