Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
ТОКТОМ №5
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
25.03.2026-жыл
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Аркалык айылындагы мечиттин жер тилкесинен шайлоо участкасынын имараты үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марты №37 2024-жылдын 29 июлундагы № 152 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын Жобосунун 1-беренесине негиз, Сайдыкум айыл аймагынын Аркалык айылындагы мечиттин 3-02-05-1003-0070 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 1898,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен 1000,0 чарчы метр жер тилкесин бөлүп, мамлекеттик акт алуу маселеси жөнүндөгү Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д.Матисаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Аркалык айылындагы 3-02-05-1003-0070 сыр белгиси менен катталган муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 1898,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 1000,0 чарчы метр жер тилкесин бөлүп, шайлоо участкасы үчүн мыйзамдаштырылып берилсин.
2. Бөлүнгөн 1000,0 чарчы метр муниципалдык жер аянтын шайлоо участкасы үчүн мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) мамлекеттик акт алуу жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д.Матисаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.А.Анарбаев