Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 25-мартынын №6
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн регламенти жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын документтер менен иштөө регламентин бекитүү жөнүндө 2011-жылдын 26-январындагы№28 буйругуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы№123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары жөнүндө” Мыйзамынын 50-беренесинин 4,5-пункттарына ылайык, Сайдыкумайыл өкмөтүнүн ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруунун тартибин аныктоочу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген Регламенттин талаптарын так сактоо жана анын негизинде иш
жүргүзүү Сайдыкум айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана келишимдикнегизде иштеген кызматкерлерге милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери өздөрүнүн иш-пландарын иштеп чыгып,
белгиленген тартипте айыл өкмөт башчысы тарабынан бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин жана
квалификациялык талаптарын иштеп чыгуу айыл өкмөтунүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүнбашчысы К.Д. Матисаковго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сайдыкум айылдык кеңешинин
мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б.А.Анарбаев
|