КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 1/22-97
“Саз-Булак айылындагы жаңы ачылган көчөлөргө шагыл төгүп, төшөө” жөнүндө
Саз-Булак айылынын кайрылуусунун негизинде жана Саз-Булак айылындагы жаңы ачылган көчөлөрдүн жолдорун жакшыртуу, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана келечекте асфальт төшөө иштерине даярдоо максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү Саз-Булак айылындагы жаңы ачылган көчөлөргө шагыл төгүп, төшөө иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап, тиешелүү сметасын түзүп, бекитсин.
2. Мурда пландалып, бирок аягына чыкпай калган жолдорго шагыл төшөө иштерин толук бүтүрүү чараларын көрсүн.
3. Саз-Булак айылындагы жаңы ачылган көчөлөргө шагыл төгүп, төшөө иштерин уюштуруп, жолдорду келечекте асфальт төшөөгө даярдоо иштери камсыз кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Карамырзаев А.Т. |