Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
02.02.2026-жыл №3
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине 2026-жылдын кирешесинин эсебинен өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун ой-пикирлери, сунуштары изилденип, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен, айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен биргеликте мектеп, балдар бакчаларда жана айылдарда жолугуушулардын жыйынтыгынын негизинде, Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы токтом кылат
: 1 Сайдыкум айылдык Кеңештин сессиясында түшкөн арыздарды талкуулап, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине 2026-жылдын кирешесинин эсебинен такталган муктаждыктарды, акча каражаттары тиркемедеги жумуштарга зарылчылыгына жараша жумуштардын, сатып алуучу товарлардын сметалары түзүлүп, мамлекеттик сатып алуулар пландагы жумуштар каржыланып, аткарылсын. (тиркеме катары тиркелет).
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине 2026-жылдын кирешесинин эсебинен муктаждыктар каржыланып, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине 2026-жылдын кирешесинин эсебинен, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн аткарыла турган жумуштардын түзүлгөн сметасына ылайык бөлүп берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
.
Төрага |
Б.А.Анарбаев
|