Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХVIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 19-июну № 30
Муниципалдык менчиктеги 0,10 га жер тилкесин сатууга жана 0,20 га жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер кодексин», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын жана «Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу жана тескөө тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 15.05.2026-жылдагы чыгыш №01-35/1540 сандуу сунушун жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап II чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги төмөнкү жер тилкелерин тескөөгө макулдук берилсин:
1) Арал айылындагы, Бактыбай Ата көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 0,10 га болгон, контур №302 жер тилкеси аукцион аркылуу сатылсын (максаттуу багыты: тараза куруу).
2) Арал айылындагы, Бактыбай Ата көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 0,20 га болгон, контур №302 жер тилкеси 5 жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага (арендага) берилсин (максаттуу багыты: кичи ишкана куруу).
2. Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн алдындындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору С.Давитбеков жана Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек уулу Бакытбекке:
1) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин баштапкы (старттык) баасын мыйзамга ылайык аныктоо жана аукционго (тоорукка) чыгаруу иштерин уюштуруу;
2) Аукциондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр менен мыйзам чегинде сатып алуу-сатуу жана ижара келишимдерин түзүү;
3) Келишимдерди жана укуктарды Мамлекеттик кадастр мекемесинен каттоодон өткөрүү милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Акматовага) бул токтомду катоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укутук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусттук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев
|