Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-майы №7/1
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына электр трансформаторун орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-майындагы №01-20/92 кайрылуу каты жана айыл ичи жана калктуу конуштарга электр трансформаторлорун орнотуу максатында, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-майындагы №2 корутундусу жактырылсын.
2. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Сагынов Абдыкадыр көчөсү №22 даректеги 4051210030251 коду менен турган жер аянтынын ичинен күн чыгыш тарабынан 16 (он алты) чарчы метр жер аянтына электр трансформаторун орнотууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Ы.Бакаев |