Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
02.02.2026-жыл №6
Сайдыкум айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык тармагын мамлекеттик суу чарба башкармаларына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №207 токтому боюнча Базар Коргон райондук комиссиясынын тактоо актысынын негизинде, Сайдыкум айыл аймагынын “Сайдыкум Айыл чарба” муниципалдык ишканасы тейлеп келген Тойчубек Чек, Кызыл-Ай, Аркалык, Жаш-Ленин, Чоң-Курулуш, Турпак-Коргон айылдарындагы ички чарбалык каналдарды Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына жана Дөш, Хажир-Абад, Жаңы-Абад, Чек, Дүкүр айылдарынын ички чарбалык каналдарды Жалал-Абад башкы суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIIIсессиясы токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык тармагын жогоруда аталган мамлекеттик суу чарба башкармаларынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага
Б.А.Анарбаев
|