Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-июлу № 528
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдары жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жобонун 7, 33-пункттарына ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктары боюнча комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын төш белгисинин сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарынын төш белгисинин сыпаттамасы 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарынын күбөлүгүнүн сыпаттамасы 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 674 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктары боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - Комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы;
жооптуу катчы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын сыйлыктар боюнча секторунун башчысы.
Комиссиянын катчысы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын сыйлыктар боюнча секторунун эксперти(*).
Эскертүү. (*) - добуш берүү укугу жок.
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын СЫПАТТАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) тик бурчтук формада. Ардак грамотанын негизи пресстелген картондон жана форекстен жасалган, сыртынан кочкул кызыл түстөгү винил булгаары менен капталган.
Ардак грамотанын негизинин алдынкы бетинде Ардак грамотанын тексттик бөлүгүн жайгаштыруу үчүн жылтырак кагаздан басылып чыгарылган тереңдиги 2 мм өлчөмдө тик бурчтуу формада терезече бар.
Алдынкы бетинин жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети", "Кабинет Министров Кыргызской Республики" деген жазуулар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак Ордо" административдик имаратынын стилдештирилген сүрөтү ысытылган алтындын буусу менен басылган.
Ылдый жагынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербини 35 мм диаметрде түркүн түстө жасалып жайгаштырылган. Анын алдында өйдөдөн ылдый "АРДАК ГРАМОТА", "ПОЧЕТНАЯ ГРАМОТА" деген тексттер, ошондой эле ар бир өзүнчө учурда жекече аныкталуучу мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттер (андан ары сыйлануучу адамдын аты-жөнү жазылат) симметриялуу жайгаштырылган.
Ардак грамотанын төмөнкү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы", "Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики" жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы", "Администрация Президента Кыргызской Республики" деген тексттер симметриялуу жайгаштырылып, ошондой эле Ардак грамотанын катар номери коюлган, анын алдында "Бишкек - " тексти жана сыйлоо тууралуу актынын чыгарылган жылы турат.
Ардак грамотанын арткы бөлүгүндө аны түз жерге коюу үчүн ачылма жөлөгүчү жана дубалга илүү үчүн "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген рельефтик жазуусу бар болоттон жасалып, жылмаланган илгичи болот. Негизинин өлчөмү: туурасы - 240 мм, бийиктиги - 325 мм, калыңдыгы 25 мм.
Ардак грамотанын алдынкы бетинин жогорку бөлүгүнүн капталдары полимердик коюлмалар менен жабылган, ага кыргыздын улуттук оймолору алтындын буусу менен түшүрүлгөн.
Ардак грамотанын жогорку оң бурчунда Ардак грамотанын "Ардак белги" төш белгисин кадоо үчүн сыртынан кочкул кызыл түстөгү винил булгаары менен капталган металл кыстырмасы жайгашкан.