Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
02.02.2026-жыл №7
Сайдыкум айыл аймагындагы Чоң-Курулуш айылында жайгашкан 5,0 га жер аянты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04 ноябрындагы №665-токтому менен бекитилген жобонун тартибине ылайык, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-июнундагы №142-т тескемеси менен түзүлгөн комиссия курамынын, 2026-жылдын 20-январындагы Сайдыкум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылында жайгашкан айыл чарбасынын мелиоративдик даярдыктагы 5.0 га жер аянтына, саркынды сууну тазалоочу курулма курууга "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу боюнча протоколундагы он тараптуу чечимине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы № 665-токтому менен бекитилген жер аянттарын которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде даярдалган иш кагаздары менен таанышып, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн сунушуна негиз, Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат
: 1 Сайдыкум айыл аймагынын Чон-Курулуш айылында жайгашкан айыл чарбасынын мелиоративдик даярдыктагы 5.0 га жер аянтына, саркынды сууну тазалоочу курулма курууга "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын ноябрындагы №665-токтому менен бекитилген жер аянттарын 04 которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.А.Анарбаев
|