Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
02.02.2026-жыл №8
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга түзүлүшүн бекитүү жөнүндө жана 2027-2028 жылдарга болжолу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясынын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга түзүлүшүн бекитүү 2026-2027-жылдарга болжолдуу түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы токтом кылат
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2029- жылдарга социалдык, экономикалык стратегиялык өнүгүүсүн планынын көрсөткүчтөрүнө негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджети 2026-жылга киреше бөлүгү 32580,8 миң (отуз эки миллион беш жүз сексен миң сегиз жүз) сомго, чыгаша бөлүгү 32580,8 миң (отуз эки миллион беш жүз сексен миң сегиз жүз) сомго тиркемеге ылайык анын ичинен: атайын каражат 5864,6 (беш миллион сегиз жүз алтымыш төрт миң алты жүз) миң сом суммасында бекитилсин. Киреше бөлүгү № 1 тиркемеде чыгаша бөлүгү № 2 тиркемеде.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жайыт комитети бирикмесинин киреше бөлүгү 920,0 миң (тогуз жуз жыйырма миң) сомго чыгаша бөлүгү 920,0 миң (тогуз жуз жыйырма миң) сомго бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрү жактырылсын.
4. 2027-жылга кирешелер боюнча болжол 32806,2 миң (отуз эки миллион сегиз жүз алты миң эки жүз) сомго, 2028-жылга киреше боюнча болжол 35697,2 миң (отуз беш миллион алты жүз токсон жети миң эки жүз) сом суммасында жактырылсын.
5. 2026-жылга сметада каралган акча каражаттары биринчи орунда корголгон беренелерге айлык акыга, коммуналдык чыгымдарга, өзгөчө кырдалдарга жана ЭПИД фондко жумшалсын.
6. 2026-жылга Сайдыкум айылдык Кеңеш кызматкерлеринин бирдик саны 3 киши менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10 феварлындагы №81 токтомуна негиз бекитилсин. Айылдык кеңештин төрагасына жана катчысынын бир жылдык эмгек акысы 803,4 миң (сегиз жүз үч миң төрт жүз) сомго бекитилсин
7. 2026-жылкы калктын социалдык жардамы боюнча жөлөк пулу, жетим жесирлерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыяларга жардам 685,0 миң (алты жүз сексен беш миң) сомго бекитилсин.
8. Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 1000,0 миң (бир миллион) сомдон кем эмес сумма менен бекитилсин.
9. КР Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин 1% өлчөмүндө 267,1 миң (эки жүз алтымыш жети миң бир жүз) сом резервдик фондко ажыратылып, пайдалануу багыттары жөнүндө чечим айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык сарпталышы белгиленсин.
10. 2026-жылга аппарат кызматкерлеринин жана келишимдин негизинде эмгектенген кызматкерлер менен бирге бирдик саны 22 (жыйырма эки) киши менен бекитилсин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10.02.2026-жылдагы №81-сандуу токтомуна ылайык).
11. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 12 айылына 3 (үч) айыл башчы оруну бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10.02.2026-жылдагы №81-сандуу токтомуна ылайык).
12. Ушул сессиянын чечими менен 2026-жылга бекитилген бюджети тиркеменин суммасынын чегинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн Айылдык Кеңешке сунуш берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
13. “Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин” талаптарына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен аныкталуусу эскертилип, жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган каражаттарды каржы министирлиги тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин сессиянын чечими менен чыгымдоо каралсын.
14. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү салыктарды өндүрүү айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө (салык кызматкерлерине) милдеттендирилсин.
15. Биринчи орунда корголгон беренелерге, эмгек акыларга жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдоо жана айыл өкмөтүнө атайын каражатка түшкөн акча каражаттарын бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
16. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовко милдеттендирилсин.
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев
|