Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
02.02.2026-жыл №9
Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн 2025-жылдан калган акча каражатын 2026- жылдын бюджетине кошуп чыгымдоо жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетунда 2025-жылдан калган 1468,6 миң сом акча каражатын жана атайын каражаттан калган 679,3 миң (алты жуз жетимиш тогуз миң үч жүз) сом түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтунүн финансы экономика бөлүмунүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетунда 2025 жылдан калган бюджеттен 1468,6 миң (бир миллион төрт жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) сом жана атайын каражаттан 679,3 миң (алты жуз жетимиш тогуз миң үч жүз) сом акча каражаты бар экендиги белгиленсин.
2. 2025-жылдан калган 1468,6 миң (бир миллион төрт жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) сом 1-тиркемеге ылайык чыгымдарга жумшалсын.
3. Атайын каражаттан калган калдык 679,3 миң (алты жүз жетимиш тогуз миң үч жүз) сом акча каражаты 2-тиркемеге ылайык чыгымдарга жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнө атайын каражатка түшкөн акча каражаттарын бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу иштетүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовко милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев
|