Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
02.02.2026-жыл №10
Сайдыкум айыл аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ставкасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасынын 74-75-76-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагынын аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагынын аймагында жеке жана юридикалык жактар – ишкердик иши үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй бекитилсин.
3. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 (бир жүз) сом өлчөмүндө.
4. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.
5. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелине чейин.
6. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовко жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.К.Сатаров.
|