Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 7-августу № 277
"ЭКСПО Кыргызстан" улуттук көргөзмө комплексин түзүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу, эл аралык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын илгерилетүү, инвестицияларды тартуу, заманбап көргөзмө-конгресстик инфраструктураны түзүү жана региондук жана глобалдык экономикалык процесстерге Кыргыз Республикасын интеграциялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында "ЭКСПО Кыргызстан" улуттук көргөзмө комплексин түзүү Кыргыз Республикасынын инвестициялык, экспорттук жана көргөзмө-конгресс потенциалын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык мамлекеттик милдет болуп эсептелет деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "ЭКСПО Кыргызстан" улуттук көргөзмө комплексин түзүү долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча ишин координациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топту түзсүн;
2) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |