Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 24-июлу № 266
Кыргыз Республикасынын сот системасынын органдарындагы айрым административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо тартибин убактылуу жөнгө салуу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын кадрдык курамын түзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, квалификациялуу кадрларды ыкчам тандоо үчүн ченемдик укуктук негизди камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын сот системасынын органдарындагы айрым административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындоонун апробациялык режими киргизилсин.
2. Апробациялык режим ишке ашырылган мезгилде:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратында "маалыматтык технологиялар башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы" жана "маалыматтык технологиялар башкармалыгынын бөлүмүнүн улук референти" кызмат орундары киргизилсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын айрым категориялары үчүн дайындоонун өзгөчө (конкурстан тышкаркы) тартиби белгиленсин;
3) Апробациялык режим мезгилинде дайындоонун өзгөчө (конкурстан тышкаркы) тартиби белгиленүүчү кызмат орундарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
1) 2027-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө апробациялык режимдин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн;
2) 2027-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жыйынтыктоочу отчетту жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштар менен апробациялык режимдин натыйжаларын комплекстүү талдоону Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
Апробациялык режим мезгилинде дайындоонун өзгөчө (конкурстан тышкаркы) тартиби белгиленүүчү кызмат орундарынын ТИЗМЕСИ
Категориялар | Жогорку соттун аппараты | Жергиликтүү соттордун аппараттары |
Б-Б | Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы |
|
У-А | Улук консультант Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын бөлүмүнүн улук референти | Улук консультант |
У-Б | Консультант Башкы адис | Консультант |
К-А | Жетектөөчү адис | Сот коллегиясынын катчысы Соттун улук катчысы |
К-Б | Адис | Адис Сот жыйынынын катчысы |