Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-июлу № 267
"Айылдан келечекке" региондук билим берүү программасын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын региондорун колдоо жана өнүктүрүү, айылдык жаштардын жогорку билим алуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана кадрдык потенциалды чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. "Айылдан келечекке" региондук билим берүү программасы уюштурулсун.
2. "Айылдан келечекке" региондук билим берүү программасы айыл жеринде жайгашкан орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү уюмдарынын орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программасын өздөштүрүүнү ийгиликтүү аяктаган жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча белгиленген босоголук баллдан төмөн эмес балл топтогон бүтүрүүчүлөрүн келишимдик негизде окутууну каржылоо жолу менен региондор үчүн кадрларды максаттуу даярдоону карайт деп белгиленсин.
3. "Айылдан келечекке" региондук билим берүү программасына ылайык тандалып алынган ар бир райондун айылдык жаштарынын арасынан бештен кем эмес бүтүрүүчүнү келишимдик негизде окутууну каржылоо жыл сайын региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Айылдан келечекке" региондук билим берүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |