Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 09-июну №8/3
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 27-августундагы №16/9 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айылындагы жаңы конушка электр жабдууларын алуу долбоорун Нарын райондук өнүктүрүү фондусуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук өнүктүрүү фондусуна көрсөтүлүп, долбоордун жалпы сметалык наркы 1 212 400 (бир миллион эки жүз он эки миң төрт жүз) сомду түзгөн Кызыл-Жылдыз айылындагы жаңы конушка электр жабдууларын алуу долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 242 480 (эки жүз кырк эки миң төрт жүз сексен) сом өздүк салым акча каражаты каралсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Ы. Бакаев |