Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 09-июну №8/4
1-январь 2025-жылдын башына атайын эсеп счетто калган 6 000 000,0 (алты миллион) сом акча каражатынын максатын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 78-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренеси жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековдун 05.06.2025-жылдагы №01-20/106 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясынын №3/4 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. 1-январь 2025-жылдын башына атайын эсеп счеттогу 3111 статьясына каралган акча каражаттын ичинен 6 000 000,0 (алты миллион) сом акча каражаттын максатын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында экскаватор Hyundai (корей өлкөсүнөн чыгарылган) үлгүсүндөгү техникасын сатып алуу үчүн 3112 статьсына жылдырылсын.
3. 3112 Статьясына жылдырылган акча каражатына экскаватор алуу максатында «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын эсеп-счетуна которулуп берилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |