Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 09-июну №8/5
Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт болуп түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатына алынган техникалардан үнөмдөлгөн 813 043 (сегиз жүз он үч миң кырк үч) сом акча каражатынын максатын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 78-беренеси жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековдун 05.06.2025-жылдагы №01-20/106 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт болуп түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатына алынган техникалардан үнөмдөлгөн 813 043 (сегиз жүз он үч миң кырк үч) сом акча каражаттын максатын, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында 600 000 (алты жүз миң) сом экскаватор Hyundai (корей өлкөсүнөн чыгарылган) үлгүсүндөгү техникасын, 205 000 (эки жүз беш миң) сом кабиналуу муравей мотосун жана 8043 (сегиз миң кырк үч) сом акча каражатын бургулоочу электро шайман сатып алуу үчүн жумшалсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |