Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29-июлу № 241
Алиев Ильхам Гейдар оглыны
I даражадагы «Манас» ордени менен
сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы үчүн Азербайжан Республикасынын Президенти Алиев Ильхам Гейдар оглы I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н. Жапаров