Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 09-июну №8/6
Казан-Куйган айылындагы кичи футболдук аянчанын кошумча курулмасына акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 78-беренеси жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековдун 05.06.2025-жылдагы №01-20/106 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан-Куйган айылындагы кичи футболдук аянчанын кошумча келишимдин негизинде курулган курулмага ашыкча түшкөн кирешелердин эсебенен жалпы сметалык нарктын 10% (278 915) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |