Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-июну № 479-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Мамлекеттик брокердик компания" ачык акционердик коомун жоюу;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
2. "Мамлекеттик брокердик компания" ачык акционердик коомун жоюунун жүрүшүндө "Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коомуна багытталган каражаттар (мүлк) "Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коомунун уставдык ишине ылайык пайдаланылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 815-т тескемесинин 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |