Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 01-августу №9/2
«Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 26-декабрынадагы «Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын ардактуу атуулу наамы тууралуу» Жобону бекитүү жөнүндө №9/8 токтомунун негизинде, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын IX кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылынын экономикалык, социалдык, маданий өнүгүшүнө кошкон арбын салымдары, COVID-19 алааматы учурунда айылга көрсөткөн зор жардамдары, өсүп келе жаткан келечек муундарга үлгү болоорлук күжүрмөн эмгектери жана учурда эл-журтка сөзү, жүрүш-турушу менен үлгү болгон, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоого ушул айылдын кулуну катары айыл эли менен тыгыз байланыштарды ыраттуу алып келе жаткандыгы үчүн Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Окошов Темиркул Чекировичке ыйгарылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы. Бакаев |