КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
2026-жылдын 28-августу № 01-5/115
Долбоорду «артыкчылыктуу» деп табуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, шаардагы балдар-өспүрүмдөрдүн дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарт түзүү, жаштар арасында спортту өнүктүрүү жана келечектеги спортчуларды даярдоо максатында №15 Беки уулу Семетей атындагы орто жалпы билим берүү мектебинин аймагына заманбап спорт зал куруу долбоорун ишке ашырууну сунуштап, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы 2026-жылдын 27-августунда кайрылган чыгыш № 01-28/3081 сандуу катына берген шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутунду эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто жалпы билим берүү мектебинин аймагына спорт зал куруу долбоору артыкчылыктуу деп табылып райондук өнүктүрүү фондуна каржылоого сунушталсын.
3. Долбоорду фонддун талаптарына ылайык даярдоо жана тиешелүү документтердин топтомун фондго тапшыруу боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
4. Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо талап кылынган учурда, мыйзамдарда белгиленген тартипте анын көлөмүн жана каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн кайрадан шаардык Кеңештин кароосуна сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|