Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 4-ноябры №13/1
Чолпон айылдык аймагына караштуу Ара-Көл орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө
Ара-Көл жалпы билим берүү мектебинин директору Р. Айдаркуловдун билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине жана КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы “Мамлекеттик маанидеги объектилерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө” №149 токтомуна ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги №18-3942 Токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин №13-3/3283 катынын негизинде Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылындагы ысым ыйгарылбаган Ара-Көл жалпы билим берүүчү мектебине, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө эмгеги сиңген мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Баялы Исакеевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Баялы Исакеевдин ысымын ыйгарууга тиешелүү болгон мектептин иш кагаздарын бүткөрүү жагы Ара-Көл жалпы билим берүүчү мектебинин директору Айдаркулов Рысбек Туйгунбековичке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык
кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
Ө. Урматов |