Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 24-июлу № 561-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Аскердик чалгындоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Аскердик чалгындоо жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлиги,
1996-жылдын 24-декабрындагы Аскер жагында кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы келишимге жана 2000-жылдын 27-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда аскер жана аскер-техникалык тармактарда кызматташуу тууралуу келишимге, ошондой эле 2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга таянып,
эки мамлекеттин эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо менен, региондогу аскердик-саясий кырдаал жөнүндө аскердик чалгындоо органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу үчүн укуктук негизди түзүү зарылдыгын эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуунун максаты болуп өз ара урматтоону, ишенимди жана эки мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен аскердик чалгындоо жаатында өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүү саналат.
2-берене.
Тараптар компетенттүү бөлүмдөрүнүн аталыштары жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлайт.
Компетенттүү бөлүмдөрдүн аталыштары жана милдеттери өзгөргөн учурда, Тараптар бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу дароо кабарлайт.
3-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык компетенттүү бөлүмдөрүнүн милдеттеринин негизинде төмөнкү тармактарда кызматташууну жүзөгө ашырат:
жетекчилердин расмий жолугушуулары, ошондой эле эксперттердин жумушчу жолугушуулары.
биргелешкен машыгуулар жана тренингдер.
өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу темалар боюнча аскердик чалгындоо маалыматтары жана эксперттик баалоолор менен алмашуу.
Тараптардын ортосунда өз ара макулдашылган кызматташтыктын башка тармактары.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында чалгындоо маалыматтары менен алмашуу төмөнкү тематикалык багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- Тараптардын мамлекеттеринин улуттук коопсуздугуна каршы багытталган коркунучтар;
- террористтик жана экстремисттик топтор (курамы, жетекчилиги, мүчөлөрү, тарапташтары, демөөрчүлөрү, куралдануусу, жайгашкан жерлери жана аларды даярдоо лагерлери жөнүндө маалымат);
- Борбордук Азия регионундагы кырдаалдын кескин өзгөрүшү, террористтик жана башка коркунучтардын күчөшү;
- террористтик жана экстремисттик уюмдардын (түзүлүштөрдүн) көздөмдөрү, Тараптардын мамлекеттеринин, ошондой эле Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн эгемендигине, көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө каршы багытталган идеологиялык, психологиялык жана башка коркунучтардын формалары жана методдору;
- Тараптардын мамлекеттеринин, ошондой эле Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринин аймагында экстремисттик жана террористтик түзүлүштөрдүн мүмкүн болуучу куралдуу жана башка кыйратуучу акцияларды өткөрүүгө умтулуусу (максаттары), аларга даярдануу белгилери.
Маалымат менен алмашуу жазуу жүзүндө жүргүзүлөт. Эгерде маалымат ар кандай фильмдер (видеороликтер), слайддар жана сүрөттөр (фотосүрөттөр) түрүндө берилсе жана электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө сакталса, ал түшүндүрмө документтер менен бекемделиши керек.
Тараптар бири-биринин маалыматтык суроо-талаптарына кыска мөөнөттө жооп берүү жөнүндө макулдашат.
Эгерде чалгындоо маалыматын алмашууга суроо-талап Тараптардын биринин мамлекетинин улуттук эгемендигине жана коопсуздугуна коркунуч келтирсе же улуттук кызыкчылыктарына, мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келсе, анда мындай суроо-талап четке кагылышы мүмкүн.
5-берене.
Эксперттердин жыл сайын өткөрүлүүчү эки тараптуу сүйлөшүүлөрү Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында кезеги менен өз ара макулдашылган мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
Делегациялар 2-4 (эки-төрт) адамдан турушу керек (эгерде кошумча персонал талап кылынбаса).
Тараптар бири-бирине талкуулоого тийиш болгон маселелер жөнүндө жолугушууга чейин 60 (алтымыш) күн калганда кабарлашы керек.
Кабыл алуучу Тарап сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин даярдайт жана делегация келгенге чейин 30 (отуз) күн калганда экинчи Тарапка билдирет.
Визит менен келүүчү Тарап визит болоорго чейин 30 (отуз) күн калганда кабыл алуучу Тарапка делегациянын курамы, анын ичинде анын мүчөлөрүнүн аты-жөнү, аскердик наамы жана кызмат орду жөнүндө билдирүүгө тийиш.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун натыйжасында пайда болгон жашыруун маалымат менен алмашуу жана аны коргоо Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына, ошондой эле 2024-жылдын 18-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө алынган маалыматты ошол маалыматты берген Тарапка зыян келтирүү үчүн пайдаланбоо милдеттенмесин алат.
Үчүнчү тарап ушул Макулдашуунун бар экендиги жөнүндө кабардар болбошу керек, ал эми алынган маалымат, маалымат берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн эмес.
Алмашууга тийиш болгон документтерде маалымат берүүчү Тарапты ачыкка чыгара турган кандайдыр бир белгилер же кол тамгалар болбошу керек.
Эгерде Тараптар башка тараптын маалымат алуусуна же маалыматтын үчүнчү тарапка чыгып кетүүсүнө кандайдыр бир мүмкүн болгон коркунучту аныктаса, бул тууралуу экинчи Тарапка дароо кабарланышы керек.
7-берене.
Ар бир Тарап кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүдө, болууда жана андан чыгууда ошол мамлекеттин мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды, эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча көтөрөт.
8-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптар менен макулдашуу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуу жана чечмелөө менен байланышкан пикир келишпестиктер өз ара сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет жана үчүнчү тарапка кароого берилбейт.
10-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал аяктагандан кийин, эгерде Тараптардын бири экичи Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирбесе, анын колдонулушу өзүнөн өзү бир жылга узартылып турат.
Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу алдын ала жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен каалаган убакта ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат. Бул учурда ушул Макулдашуу мындай билдирүү алынган учурдан тартып 90 (токсон) күн өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот. Мында ушул Макулдашуунун 5-беренесинде аныкталган милдеттенмелер күчүндө калат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу анын колдонуу мезгилинде келип чыккан милдеттенмелердин токтотулушуна алып келбейт.
20___-жылдын "___" ________________ ____________________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.