Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 08-сентябры №11/2
Көмөкчү чөрдонун орнотууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Жерге-Тал айылына көмөкчү чордонун орнотуу үчүн жер бөлүп берүү боюнча Тянь-Шань РЭТинин сунушу жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-сентябрындагы №01-20/176 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жерге-Тал айылындагы Эсеналы Дайракунов көчөсү менен Койчубек уулу Руслан көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк тарабы, 4-05-12-1001-0478 контуру менен жайгашкан жер аянтынын түштүк тарабында өзүнчө бөлүктө жайгашкан муниципалдык жер тилкесине көмөкчү чордонун орнотуу үчүн 16,0 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянттарына электр трансформаторлорду орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Тянь-Шань РЭТинен суралсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.
Төрага | Ы. Бакаев |