Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
| ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |||
|
|
| ||
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кабыл алынган датасы
2026-жылдын 25-июну
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. «Ишеним» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гулшаркан Оконовна Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 1-пунктчанын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пунктчанын он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«Ханджеза Карим Лемзарович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;»;
г) 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Култаева Гулшаркан Оконовна – «Ишеним» депутаттык тобунан;».
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары Б.А. Ибрагимов