Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 25-сентябры №12/1
1-январь 2025-жылдын башына бюджеттик счетто калган 1730,9 (бир миллион жети жүз отуз мин тогуз жүз) сом акча каражатынын максатын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 78-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 23-сентябрдагы №01-20/202 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2025-жылдын башына калган калдык акча каражатынын сметасында 3111 статьясында Клубтун өздүк эсебинде Жалгыз-Терек айылынын Жаштар ордосун ондоо долбооруна өздүк салым катары каралган 1730,9 (бир миллион жети жүз отуз мин тогуз жүз) сом акча каражаты катачылык менен Аппараттын өздүк эсебинен котрулуп кеткендиктен клубтун өздүк эсебинде турган 1730,9 (бир миллион жети жүз отуз мин тогуз жүз) сом акча каражаты аппараттын өздүк эсебине которулсун.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |