Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 25-сентябры №12/2
Айылдык кеңештин 1-январь 2025-жылдын жыл башына каралган акча каражаттын 3111 статьясынын ичинен, 3112 статьясына тиешелүү акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 79-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесине ылайык жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-сентябрдагы №01-20/204 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XII кезексиз
сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын жыл башына каралган 3111 статьясынын ичинен Р.Усубалиев атындагы жалпы билим берүү мектебине ПГУ орнотууга 150 000,0 сом акча каражатын төмөндөгү статьяларга ылайык жылдырылып берилсин;
3111 - - 150 000,0 (жүз элүү миң) сом
3112 - 150 000,0 (жүз элүү миң) сом
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |