Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 25-сентябры №12/3
Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу таштанды ташуучу унаа алууга өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында таштанды ташуучу унаасын алууга Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында таштанды ташуучу унаасын алууга өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 1 180 684 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз сексен төрт) сом өздүк салым акча каражаты каралсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |