Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 25-сентябры №12/4
Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу таштанды ташуучу унаа алуу долбоорлорун жактыруу жөнүндө
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында таштанды ташуучу унаасын алууга Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыктан долбоорду жактыруу максатында, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу таштанды ташуучу унаа алуу долбоорлору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында Нарын райондук өнүктүрүү фондуна артыкчылыктуу долбоор катары сунушталсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |