Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-октябры №13/1
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгы жана кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколун аткарууга алуу максатында, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун 7-пунктунда аныкталган нормага ылайык, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын калкынын саны 7424 адам болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын өкүлдөрүнүн же курултайынын делегаттарынын саны 50 деп бекитилсин.
3. Жыйындарды, жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Э.Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бекитилген график боюнча жыйындардын өткөрүлүшүн, ал жыйындардан жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына же курултайына өкүлдөрдү же делегаттарды бекитилген квотага ылайык аныкталышын уюштуруу жана координациялоо үчүн жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын өкүлдөрүнүн саны жана квотасы тиешелүү аймакта жашаганкалкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.
6. Эсеналы Дайракунов айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 20-октябрынан 22-октябрына чейин белгиленсин 3-тиркемеге ылайык.
7. Айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө өткөрүлгөн жарандардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн тизмесин жалпылоо 2025-жылдын 28-октябрына чейин деп белгиленсин.
8. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой жыйындын күн тартибинин долбоорун 2025-жылдын 30-октябрына чейин даярдалсын.
9. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябры (ишемби) деп белгиленсин 4-тиркеме ылайык.
10. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин, шайлоо тууралуу протоколду, делегаттардын толтурулган анкеталарын жана делегаттардын тиешелүү документтерин райондук уюштуруу комитетине 2025-жылдын 3-ноябрына чейин жөнөтүлсүн.
11. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ы. Бакаев |
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын XIII кезексиз сессиясынын 2025-жылдын 15-октябрындагы №13/1 токтомуна 1-тиркеме
Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жыйындардын өткөрүлүшүн, ал жыйындардан жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына же курултайына өкүлдөрдү же делегаттарды бекитилген квотага ылайык аныкталышын уюштуруу жана координациялоо үчүн жумушчу топтун курамы
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймака жооптуу |
1 | Бакаев Ызатбек Токтобекович | Айылдык кеңештин төрагасы | Төрага | Баардык |
2 | Жакыпов Нургазы Жаныбекович | Жооптуу катчы | Катчы | Баардык |
3 | К. Касмалиева | Депутат | Мүчөсү | Казан-Куйган а |
4 | К.Бабаев | Депутат | Мүчөсү | Казан-Куйган а |
5 | А. Аманбеков | Депутат | Мүчөсү | Казан-Куйган а |
6 | Б .Токтакунова | Депутат | Мүчөсү | Казан-Куйган а |
7 | Ө.Карабагышов | Айыл башчы | Мүчөсү | Казан-Куйган а |
8 | Н.Чебулдиева | Маданият үйүнүн башчысы | Мүчөсү | Казан-Куйган а |
9 | А.Байсалова | Депутат | Мүчөсү | Кызыл-Жылдыз а. |
10 | Р.Кулов | Депутат | Мүчөсү | Кызыл-Жылдыз а. |
11 | Э. Дүйшеев | Депутат | Мүчөсү | Кызыл-Жылдыз а. |
12 | Н.Усупова | Депутат | Мүчөсү | Кызыл-Жылдыз а. |
13 | К.Абдыракманов | Айыл башчы | Мүчөсү | Кызыл-Жылдыз а. |
14 | Г.Сулайманова | Клуб башчы | Мүчөсү | Кызыл-Жылдыз а. |
15 | А. Дүйшоев | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
16 | А.Жетигенов | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
17 | К.Асаналиева | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
18 | Г.Сартова | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
19 | А.Керимканов | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
20 | К.Исмаилова | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
21 | Р.Турсуналиев | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
22 | А.Адиев | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
23 | Ж.Жамалбек уулу | Депутат | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
24 | А.Эркинбаев | Аксакалдар сотунун төрагасы | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
25 | А.Исаев | Аксакалдар кеңеши | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
26 | Н.Исмаилова | Маданият үйүнүн башчысы | Мүчөсү | Жерге-Тал а. |
27 | Н.Дүйшөбаев | Депутат | Мүчөсү | Жалгыз-Терек а. |
28 | Т.Смайылов | Депутат | Мүчөсү | Жалгыз-Терек а. |
29 | Н.Өмүрөва | Депутат | Мүчөсү | Жалгыз-Терек а. |
30 | Н.Усубалиев | Айыл башчы | Мүчөсү | Жалгыз-Терек а. |
31 | Н.Кыдырмаев | Клуб башчы | Мүчөсү | Жалгыз-Терек а. |