Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-октябры №13/2
2025-жылдын атайын эсеп счеттогу каралган акча каражаттын 3111 статьясынын ичинен, 3112 статьясына тиешелүү акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 78-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-октябрындагы №01-20/216 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2025-жылдын башына атайын эсеп счеттон каралган 3111 статьясынын ичинен Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин ашканасына таза суу киргизүү жана саркынды суу системасын курууга 891400 (сегиз жүз токсон бир миң төрт жүз) сом акча каражатынтөмөндөгү статьяларга ылайык жылдырылып берилсин;
3111 - - 891 400,0 (сегиз жүз токсон бир миң төрт жүз) сом
3112 - 891 400,0 (сегиз жүз токсон бир миң төрт жүз) сом
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |