Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-октябры №13/3
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сметасына кошумча план суроо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-октябрындагы №01-20/217 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын III кварталына карата салык агенти тарабынан тѳлѳнүүчү киреше салыгынан 11111100 тѳлѳм кодуна пландан ашык түшкѳн 4 500 000,0 (төрт миллион беш жүз миң) сом акча каражатына кошумча план суралсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |