Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-октябры №13/4
1-январь 2025-жылдын башына калган калдык акча каражаттын3111 статьясынын ичинен, 3112 статьясына тиешелүү акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-октябрындагы №01-20/217 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2025-жылдын башына калган калдык акча каражаттан каралган 3111 статьясынын ичинен, Жерге-Тал айылындагы борбордук паркынын айланасын тосуу, жарыктандыруу, балдар ойноочу аянттарды жана аллеяларды куруу долбоорунун өздүк салымы болгон 1 180 700 (бир миллион бир жүз сексен миң жети жүз) сом акча каражатын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында таштанды ташуучу унаасын алууга төмөндөгү статьяларга ылайык жылдырылып берилсин;
3111 - - 1 180 700 (бир миллион бир жүз сексен миң жети жүз ) сом
3112 - 1 180 700 (бир миллион бир жүз сексен миң жети жүз) сом
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |