Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 25
«Таза Нарзан» муниципалдык ишканасы тарабынан
көрсөтүлүүчү ичүүчү сууну берүү жана саркынды сууларды
агызуу(канализация) кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 15-июлундагы № 13 «Таза-Нарзан» МИсы тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо (ичүүчү сууну өткөзүү) жана саркынды сууларды тазалоо тарифтеринин прейскурантын макулдашуу жөнүндө” буйругуна ылайык жана Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, «Таза Нарзан» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү ичүүчү сууну берүү жана саркынды сууларды агызуу кызматтарына тарифтерди бекитүү маселесин карап чыгып жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2027-жылдын 01-августунан баштап «Таза Нарзан» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү ичүүчү сууну берүү жана саркынды сууларды агызуу кызматтарына төмөнкү тарифтер бекитилсин:
- Калк үчүн ичүүчү сууну берүү – 1 м³ үчүн 20сом;
- Калк үчүн саркынды сууларды агызуу кызматы – 1 м³ үчүн 19сом.
- Бюджеттик жана башка уюмдар үчүн ичүүчү суу – 1 м³ үчүн 60 сом.
- Бюджеттик жана башка уюмдар үчүн канализация кызматы – 1 м³ үчүн 57 сом.
2. «Таза Нарзан» муниципалдык ишканасынын мүдүрүнө ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жүктөлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-сентябрында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/09/%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC-%E2%84%9625.pdf расмий сайтында жарыяланды
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого алуу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жөнөтсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | Э.У. Умутбеков |